Илимий-изилдөө иштери



2022-жылдын 7-9-сентябрь күндөрү Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасынын окумуштуулары Казахстан Республикасынын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин алдындагы Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү комитетине караштуу Ботаника жана фитоинтродукция институтунун жана Башкы ботаникалык бактын 90 жылдыгына арналган «Евразиянын өсүмдүктөр дүйнөсүн үйрөнүү, коргоо жана сарамжал пайдалануу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине катышып келишти. Пленардык отурумда делегациянын атынан б.и.к., доцент О.Коланов куттуктоо сөзүн сүйлөп, ОшМУнун атынан белектерди тапшырды. Секциялык иштерде доцент О.Коланов, доцент Д.А.Эмилбекова, ага окутуучу О.И.Маматкулов, окутуучу А.Ж.Дурсунбаева, ага окутуучу Б.А.Абдымомунова, доцент Б.А.Каримов, доцент Г.С.Исраилова, кафедранын аспиранты Ж.С.Абдырахмановалар доклад окушту.







                  

2024-жылдын 29-февраль күнү Баткен мамлекеттик университетинде болуп өткөн "Заманбап кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына, Баткен областынын 25 жылдыгына арналган "Сапаттуу билим заманбап өнүгүүнүн руханий азыгы"" аттуу эл аралык илимий-практикалык концеренцияга кафедранын улук окутуучулары Б.А. Абдымомунова жана улук окутуучу К.С. Исакова доклад окуп келишти.
Белгилуу педагог, а.и.д., проф С. Рысбаев, а.и.д., проф. Сияев Т. М., БатМУнун ректору, э.и.д., профессор Грязов А.Т. жана эл аралык илимий- практикалык конференциянын катышуучулары. Баткен шаары, 1.03.2024